Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 19-21-октябрда расмий сапары менен Орусияга барат. Бул тууралуу бүгүн, 17-октябрда Миристрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал Кыргызстандын Орусиядагы маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.
Ошондой эле Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен эки өлкө өкмөтүнүн биргелешкен жыйынын өткөрөт.
Мындан тышкары эки тараптуу жолугушуулар жана маданий программалар да уюштурулат.