Жалал-Абаддан Бангладештин 11 жараны кармалды

Жалал-Абад облусунан чет элдик 11 жаран чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-июнда Бангладеш мамлекетинин 11 жараны Өзбекстан менен Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн учурда кармалган. Алар Өзбекстанга иштөө үчүн келишип, бирок жумуш таппагандыктан Кыргызстанга өтүүнү чечишкен.

Ошондой эле бангладештиктер менен бирге мыйзамсыз миграциялык канал уюштурууга шектелип Н.А. аттуу кыргыз жараны дагы кармалган.

УКМК учурда мыйзамсыз миграциялык каналды уюштурууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан