Түркстанда 19 жаштагы кыздын жансыз денеси жигитинин унаасынан табылды 

Түркстан облусунун Сайрам районунда 19 жаштагы кыз жигитинин унаасынан өлтүрүлгөн абалда табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Андагы маалыматка караганда, каргашалуу күнү кызды болочок күйөөсү жумушунан алып кеткен. Алар ушул жылы үйлөнүшмөк. Маркумдун сөөгүн туугандары коңшу айылдан табышкан. Алардын айтымында, бүт денеси көгөргөн, кыздын кийиминин бир бөлүгү жок болгон.

"Кызымды 6 саат издедик. Табылган соң үч экспертиза жүргүздүк. Эки экспертизанын жыйынтыгы боюнча кызымды көмүр кычкыл газына ууланган дешти. Үчүнчү экспертиза шаарга жөнөтүлдү, бир жумадан кийин жыйынтыгы даяр болот", - деген маркумдун атасы Данияр Курбаналиев.

Ал эми маркумдун туугандарынын айтымына караганда, кыздын колу сынган, оозу жыртылып, канга толгон. Ошондой эле аны зордуктоого аракет кылышкан деп билдиришкен.

Учурду аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып жатат, кылмышка шектүү кармалып, камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан