Бүгүн, 5-июлда президент Садыр Жапаров иш сапары менен Азербайжанга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысынын борту Физули шаарындагы Эл аралык аэропортко конду.
Өлкө башчысын Азербайжандын биринчи вице-премьер-министри Ягуб Эюбов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
"Аэропорттун флагштокторуна ТМУга мүчө-мамлекеттердин жана байкоочуларынын желектери илинген, килем төшөлгөн, аны бойлото Ардактуу кароол тизилген", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, иш сапарынын алкагында Садыр Жапаров Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.