Жо Байден: "НАТО аймагын космосто дагы коргойт"

9-июлда Вашингтондогу Эндрю Меллон залында НАТО өлкөлөрүнүн башчылары альянстын 75 жылдык мааракелик саммиттине чогулушту. Анда АКШ президенти Жо Байден Түндүк атлантика биримдиги азыркы кыйындыктарга каршы турууга даяр деп белгилегенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Биз НАТО аймагынын ар бир жерин: кургактыкта, абада, сууда, кибермейкиндикте жана космосто да коргой алабыз", - деген өлкө башчы.

НАТО же Түндүк Атлантика келишим уюму 1949-жылы түзүлүп, 12 мамлекет курамына кирген. Учурда уюмдун 32 мүчөсү бар. Альянс уюмга мүчө өлкөлөрдүн бирине кол салуу болсо аскердик жардам көрсөтүүгө милдеттүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан