"Мурутчан эркектерге тийишем". 108 жаштагы кемпир узак жашоонун сыры менен бөлүштү

АКШнын Алабама штатынын тургуну Хелен Денмарк 108 жашын белгилеп, узак жашоонун сыры менен бөлүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал жашаган карылар үйүнүн кызматкерлери анын туулган күнүнүн урматына кече уюштурушкан. Хелен Денмарк журналисттерге маек берип жатып өзүн дагы деле жаш сезерин айткан.

"Мунун сыры жөнөкөй эле. Шарап ичем, десерт жейм, мурутчан эркектерге тийишем. Эми ушу жерде 110 жашымды белгилейли", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан