Мексикада крокодилдер шаардын көчөлөрүн каптады

Мексиканын түндүк-чыгышындагы шаарлардын көчөлөрүн крокодилдер каптады. Ага июнь айынын аягында жана июль айынын башында жааган нөшөрлөгөн жамгырдан улам дарыялар менен суу сактагычтар жээктеринен ашып кеткени себеп болгон. Крокодилдердин саны 200дөн аша турганын чет элдик басылмалар жазууда.

Маалымдалгандай, Мексиканын бийлиги эки жумадан ашык убакытта 206 крокодилди кармап, жарандарга коркунуч туудурбай турган табигый чөйрөсүнө коё берген.

Крокодилдерди кармоо жумушун Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча федералдык агенттик жарандык коргонуу кызматкерлери жана өрт өчүргүчтөр менен бирге ишке ашырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан