Кенияда 42 аялды өлтүргөн адам кармалды

Кенияда 42 аялды өлтүрүүгө шектүү адам кармалганын чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматтарга караганда, укук коргоо органдары тарабынан кармалган 33 жаштагы Коллинз Жумаиси Халуша 2 жылдан бери киши өлтүрүп келгенин моюнуна алган. Анын эң биринчи курмандыгы өзүнүн жубайы болгон. Полиция шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда өлтүрүлгөндөргө таандык делген жеке буюмдарды, ич кийимдерди, сумка, телефондорду тапкан.

Ал эми мыкаачылык менен өлтүрүлгөн аялдардын сөөгү Найробидеги конуштардын биринде таштанды таштоочу жайдан табылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан