Төкмө акын, дастанчылар "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин алышты

Төкмө акын, дастанчыларга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу Кыргыз улуттук "Манас" театрынан билдиришти.

Маалыматка ылыйык, кечээ, 15-июлда төкмө акындар Турат Жумаев, Кутман Садыбакасов, Кубат Тукешов, Жылдызбек Төрөканов, Нурсултан Малдыбаев, дастанчылар Бакыт Акматов, Нурсултан Кадыралиев, Калыбек Турганов, Ноорузбек Шабданбек уулу, Адилет Абдыжапар уулу "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланышты.

Өнөрпоздорго сыйлыктарды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Темирлан Ажымалиев театрда өткөн жалпы жыйында тапшырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан