"Күтүлбөгөн белектер болду". Дайыр Исмадияров 38 жашка чыкты

Бүгүн, 16-июль күнү ырчы Дайыр Исмадияров 38 жашка чыкты.

SUPER.KG порталы ырчы мырзаны туулган күнү менен куттуктап байланыштык.

"Туулган күнүм сонун башталды. Сюрприздерге бай болду, эмне сюрприз экенин айта албайм (күлүп). Түндө 12ден кийин жакындарым үйгө шаңдуу куттуктап келишти. Күтүлбөгөн белектерди беришти.

Чыгармачылыктагы бир ырчы айым менен дуэт жараттык, бүгүн бет ачарын жасайбыз. Мындан тышкары жакындарым менен кече уюштуруп өздүк майрамымды белгилейм", - дейт ырчы.

Дайыр Исмадияров 1986-жылы Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айылында туулган. КАУнун психология бөлүмүн аяктаган.

Ырчы алгач 2007-жылдары чыгармачылыкка "Сүйөм сени” деген ыры менен чыккан. Ал “Студенттик күндөр”, "Кара көзүм", "Биз баскан жол", "Аста, аста", "Тим эле", "Ананай" деген ырлары менен күйөрмандарын топтогон.

Учурда Исмадияров эки уулду тарбиялап келет.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан