"Дордой" базарынын жумушчулары акысыз медициналык текшерүүдөн өтө алат

Бишкектеги "Дордой" базарында калкка убактылуу акысыз медициналык кызмат көрсөткөн эки мобилдүү клиника иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, базардын жумушчулары менен базарга келгендер гепатит жана башка ооруларга 15-июлдан 19-июлга чейин текшерилсе болот.
Мобилдик клиникалар төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:
- жалпы практикалык врачтын жана акушер-гинекологдун консультациясы;
- АИВке, В жана С вирустук гепатиттерине, сифилиске тестирлөө;
- ички органдардын УЗИсине;
- Гепатит В, С, сифилис, АИВ инфекциясынын алдын алуу боюнча санитардык-агартуу иштери;
- ошондой эле вирустук гепатиттин В түрүнө каршы эмдөө жүрүп жатат.
Мобилдик клиникалар саат 9:00дөн 18:00гө чейин иштей турганы айтылды.
Көчмө клиникада дарыгерлер күнүнө 80ге жакын адамды кабыл ала алат. “Дордой” базарындагы иштер аяктагандан кийин мобилдик клиникалар бекитилген график боюнча Сокулук районунун Шопоков шаарына барары кабарланды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан