Трамп эгер президент болсо Ким Чен Ын менен тил табышарын айтты

АКШнын мурдагы лидери Дональд Трамп эгер кайра президент болуп шайланып келсе Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен мамиле түзөрүн билдирди. Ал бул тууралуу Милуокиде өткөн Республикалык партиянын курултайында айтканын РИА Новости жазып чыкты.

"Мен аны менен учурунда тил табышкам. Биз Түндүк Кореядагы ракета учурууларды токтотконбуз. Бирок КЭДР мурдагы жолуна кайтып келди. Мен аны менен кайра тил табыша алам деп ишенем. Ким Чен Ын да мени сагынса керек", - деген Трамп.

Ошондой эле саясатчы жыйында азыркы президент Жо Байдендин администрациясы тынчтыкты бузуп, планетаны согушка айландырып салды деп айыптаган.

Эске салсак, Трамп республикачылардын 15-июлдагы курултайында расмий түрдө президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн. АКШдагы шайлоо 5-ноябрда өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан