Алсу жолдошу экөөнүн ажырашуусун балдары кандай кабыл алганын айтып берди

Орусиялык ырчы Алсу басылмалардын бирине маек берип жатып, жолдошу экөөнүн ажырашуусу тууралуу кабарды балдары кандай кабыл алганын айтып берди. Анын айтымында, 16 жана 18 жаштагы бойго жеткен балдарынан бул маалыматты жашыруу пайдасыз. Ал балдары жашоосунун маңызы экенин, алар менен сыймыктанарын айтып, бул чечимин колдошконун белгиледи.

“Белые ночи” фестивалында жалпы журналисттерге кайрылып, ырчы үчүн кайгырып, ойлонуунун кереги жок экендигин билдирген.

Менин чечимимди жакындарымдын баары билет, алар ар тараптуу колдоп жатышат. Мен эми гана 40 жашка толдум, жашоо алдыда. Мен эч нерседен коркуу кереги жок экендигин билдим жана кайсы бир күнү жүрөгүмдүн жарасы айыгарына ишенем”, - деп кошумчалаган Алсу.

Белгилей кетсек, Алсу Сафина менен Ян Абрамов 2006-жылы баш кошушкан. Алардын Сафина, Микелла аттуу кыздары жана Рафаэль аттуу уулу бар.

Кечээ, 27-июнда ырчы Алсу 41 жашка толду. Алардын ажырашуу жөнүндө соттук отуруму анын туулган күнүндө болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан