Орусияда апасы менен өгөй атасын ууландырып келген 25 жаштагы жигит кармалды (видео)

Орусиянын Балашиха шаарынын 25 жаштагы тургуну апасын жана өгөй атасын химиялык заттар менен ууландырып келген деген шек менен кармалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазууда.

Маалыматка караганда, июнь айында эки жубай ден соолугу кескин начарлап кеткендиктен аймактык ооруканага кайрылышкан. Бирок дарыгерлер так диагноз коё алышкан эмес. Андыктан жабырлануучулар тергөө бөлүмүнө кайрылууга аргасыз болушкан. Мындан улам алардын үйүнөн тамак-аштар алынып, соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Адистер тамак-аштын курамында күчтүү химиялык заттар бар экенин аныкташкан.

Укук коргоо органдары алардын үйүнө видеокөзөмөл орнотушканда аялдын уулу апасы менен өгөй атасынын тамак-ашына химиялык заттарды кошуп жатканы белгилүү болгон. Шектүү делген жигит суракка алынып, күнөөсүн моюнуна алган.

Бул фактынын негизинде "Эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал каммакка алынды.

19.07.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан