Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө тоо суусуна агып кеткен Махмут Сусузов изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын жакындары билдирди.
Алардын айтымында, окуя кечээ, 21-июль күнү болгон. Аталган жаран балык уулоо үчүн өрөөндүн Токойлу жайлоосуна кеткен.
Жеринде куткаруучулар Сусузовду издешүүдө.
Туугандары окуяга күбө болгондорду жана аймакты жакшы билген, дрон менен издөө иштерин жүргүзө алгандарды издейт.
Сусузовдун жакындарынын байланыш номерлери: 0(705) 011-201, 0(553) 702-281, 0(707) 090-999 жана 0(701) 334-022.