"Эпилепсиядан айыгып кеткендер бар". Невролог-эпилептолог Максатбек Батыров менен маек

SUPER.KG порталы бул жолу медицина илимдеринин кандидаты, доцент, "Медсити" жеке клиниканын невролог-эпилептологу Максатбек Батыров менен маек курду. Ал нерв ооруларынын түрлөрү, эпилепсия илдети жөнүндө айтып жана аларды кандай жолдор менен дарылоо керектигин түшүндүрүп кетти.

- Неврологиялык ооруларга кайсы оорулар кирет?

- Неврологиялык ооруларга нерв системасына тиешелүү бардык оорулар кирет. Атап айтсам, эң көп кездешкен бул инсульт, эпилепсия, талма, баш оору, остеохондроз, протрузия, грыжа, паркинсон.

- Эртең менен уйкудан ойгонгондо баштын айланганы нормалдуу эле көрүнүшпү?

- Эртең менен турганда баш айланбаш керек. Жалпысанан баш айлануу болсо, анда сөзсүз түрдө дарыгерге көрүнүү керек. Баш айлангандын себеби - кан басымынын төмөндөшүнөн, кандын аздыгынан болушу мүмкүн. Ошондой эле моюнга, каракуш мээге, кулактын угуусуна жооп берген кан тамыр кысылган, ичкерген учурда баш айлануу пайда болот.

- Шакый оорусу (мигрень) деген эмне? Кандай симптомдору бар?

- Шакый оорусу баш оорунун бир түрү. Өзгөчө симптомдору баштын жарымы ооруйт. Кээ бир учурда баштын оң капталы, кээде сол капталы оорушу мүмкүн. Ооруган маалда көздүн көрүүсү бузулуп, кулакта дабыштар пайда болот, баш айланат, жүрөк айланып, кускуну келтирет. Шакый оорусунун мындай симптомдору пайда болсо, анда ал учурда да сөзсүз түрдө адиске кайрылуу керек. Бүгүнкү күндө шакый оорусунун ар кандай дарылоо ыкмалары бар. Анда дары-дармек ичип, массажга, физиотерапияга баруу керек. Эгерде аталган илдетти өз убагында дарылабаса, анда эс тутумду начарлатып, уйкунун бузулушуна алып келет. Ошондой эле адам эмоционалдык жактан жабыркап, бат ачууланып, ызы-чууну жактырбай, ыйлагысы келе берет.

- Бел оорусунан кантип дарыланууга болот?

- Бел оорусу бүгүнкү күндө эң көйгөйлүү оорулардын бири. Бел ооруганда бейтаптар көп учурда неврологдорго кайрылышат. Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар бел оорусун грыжа деп кабыл алышат. Бирок бел оорунун себептери көп. Ал оор көтөргөндөн, остеохондроздон, муун ооруларынан, инфекциялык оорулардан (кургак учук, бруцеллёз), аялдардын гинекологиялык ооруларынан, онкология ооруларынан пайда болот. Ошондой эле биз корккон грыжа оорусу да кирет. Бел ооруганда сөзсүз түрдө томографияга түшүү керек. Ал жерден диагноз грыжа же протрузия деп чыкса, анда сөзсүз түрдө дарыгерге кайрылып, дарылануу абзел. Белден табылган бардык грыжа зыян болуп эсептелинбейт. Кээ бир грыжа оорутпай эле пайда болушу мүмкүн. Аларга операция жасатуу кажет эмес.

- Эгерде кулакта кандайдыр бир үндөр пайда болсо эмне кылуу керек?

- Кулакка угулган үндөр да ар кандай болот. Эгерде жөн эле кулак шуулдап, чырылдап, бүтүп калса анда аны неврологдор, сурдологдор, лор дарыгерлери дарылайт. Ал эми ар кандай адамдардын, жаныбарлардын үнү угулгандай болсо, анда бул учурда психиатрларга кайрылуу керек.

Нерв клеткалары кайрадан калыбына келиши мүмкүнбү?

- Мурдагы учурда нерв клеткалары калыбына келбейт дешчү эле. Бирок бүгүнкү күндө илимий тыянактарга кайрылсак, нерв клеткалары кайра калыбына келет. Бир күндө адамдын мээсинде 700гө жакын нерв клеткалары пайда болот. Аны биз эгер туура колдонсок анда алар активдешип, жоготкон функциялар калыбына келет. Мисалы, адам инсульт болсо, же катуу травма алып, жакшы баса албай, сүйлөөсү начарлап калган учурда бейтап өзүн таштап, кыймыл-аракет, реаблитация кылбай жата берсе, психологиялык абалы начар болсо анда пайда болгон нерв клеткалары активдешпей калат. Ошого байланыштуу нерв системасы калыбына келбейт деген сөз туура эмес. Ал нерсе ар бир бейтаптын өзүнөн гана көз каранды.

- Учурда инсульт оорусуна кабылган адамдар абдан көп кездешүүдө. Бул ооруну кантип алдын алса болот?

- Ооба, бул оору Кыргызстанда эң көйгөйлүү оорулардын бири. Себеби инсульт оорусу боюнча жана ошол оорудан майып болуп калуусу жана өлүм боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан эң алдыңкы орунду ээлейт. Анткени бизде адамдар эч качан алдын алышпайт. Жөнөкөй эле кан басымын, холестеринди, салмакты көзөмөлдөшпөйт. Ошондой эле физикалык активдүүлүк жок болгондуктан, туздуу тамак жегендиктен инсультка чалдыгуунун ыктымалдыгын жогорулатат. Эгерде ар бир адам инсульт илдетин алдын алам десе, анда жогоруда атап өткөн факторлордон алыс болуп, кан басым, кант диабетинин дарыларын өз убагында ичүү керек.

- Сиз эпилепсия оорусу менен ооруган бейтаптарды да дарылайсыз. Аталган илдет тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

- Неврологиялык оорулардын арасынан эң актуалдуусу - бул эпилепсия илдети. Эпилепсияны атайын эпилептолог адистери карайт. Мен да эпилепсия илдети менен ооругандарды карайм. Жаш балдарда, чоң адамдарда кездешкен талма оорусун дарылайбыз. Бизде "эпилепсия оорусу менен ооругандар жакшы болбойт" деген нерсе калыптанып калган. Ооба чындыгында бул оору өтө оор. Айыкпаган түрү бар. Эгерде бейтап туура дарыланып, туура диагноз коюлуп, дарыгер жазып берген дарыларды убагында ичип жүрсө талманын 60-70 пайызын токтотууга болот. Ал эми калган 30 пайызы операция жолу менен гана болот.

Биздин өлкөдө эпилепсия менен ооругандар көп болгондуктан, дал ушул оору боюнча көптөгөн өлкөлөргө барып тажрыйба алып келдим. Казакстанда, Түштүк Кореяда, Москвада жана Түркияда дарыгерлер менен жолугушуп, практика өтүп, билбеген нерсемди үйрөнүп келдим десем болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан