Хабиб Нурмагомедовдун кымбат баалуу унаалары камакка алынышы мүмкүн

Атактуу орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго карата 79 миллион рублду мажбурлап өндүрүү боюнча процедура башталды. Бул тууралуу Mash телеграм каналы жазды.

"Биздин маалыматтарга караганда, Нурмагомедовго карата иш 5-июлда ачылган, ошондон бери Хабибге Орусиядан чыгууга тыюу салынган, муну менен катар сот аткаруучулар анын мүлкүн кийин камакка алуу жана сатуу үчүн иш башташты. Алардын арасында мушкердин кымбат унаалары бар", - деп жазды телеграм канал.

Камакка алына турган мүлктөрдүн ичинде төмөндөгү унаалары бар:

1. Ferrari California T - 300 миң доллар;

2. Mercedes-Benz AMG GT S - 161 миң доллар;

3. Mercedes-Benz S-Class - 122 миң доллар;

4. BMW 7 сериясы - 101 миң доллар;

5. Toyota Land Cruiser - 85 миң доллар;

6. Toyota Tacoma - 44 миң доллар.

Жалпысынан UFC уюмунун жеңилбеген чемпиону Федералдык салык кызматына 300 миллион 378 миң рублдан ашык карыз. Mash басылмасынын маалыматына караганда, департамент ага байланыштуу спортчунун Eagle FC уюмунун аккаунттарын жаап салган.

Мурда жазгандай, салык органдары спортчунун эсебин камакка алган. Ал эми ага чейин дагы мушкердин бир нече компанияларын жапкан. Алардын бири «Хикмет Трэвел» ЖЧКсы бар(туризм менен алектенет).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан