Эс алууга кетип дайынсыз жоголгон турист 12 күндөн кийин табылды

АКШнын Кентукки штатында эс алууга кетип дайынсыз жоголгон турист 12 күндөн кийин аман-эсен табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 48 жаштагы Скотт Херн 6-июль күнү Ред-Ривер капчыгайындагы шаркыратмаларды көрөм деп кетип дайынсыз жоголгон.

Издөө иштеринин натыйжасында куткаруучулар туристтер көп барбаган аймактан алгач бут кийим менен таяктын издерин табышкан.

Скотт Херн аман-эсен табылып, тик учак менен ооруканага жеткирилген. Анын 12 күн бою нан жебей, суу ичпегендиги, ушул тапта даарыланып жаткандыгы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан