Москва Лондондун санкцияларына жооп кайтарды

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Британиянын 15 жаранына өлкөгө кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, тизмеге Киевди курал-жарак менен камсыз кылуу жана украин армиясын машыктыруу менен алектенген аскердик-өнөр жай комплексинин ишканаларынын жетекчилери кирди. Ага ошондой эле массалык маалымат каражаттарында коргонуу жана согуш маселелери боюнча антиорусиялык позицияда сүйлөгөн эксперттер жана публицисттер кирет. Белгиленгендей, чара жооп иретинде болгон.

"Лондондун агрессивдүү аракеттерине жооп катары Орусиянын тыюу салуу тизмесин дагы кеңейтүү чечими кабыл алынды", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Белгилей кетсек, июнь айынын башында Орусиянын Тышкы иштер министрлиги англиялык саясатчылардын, журналисттердин жана эксперттердин Орусияга каршы чагымчыл сөздөрү үчүн өлкөгө кирүүгө тыюу салганын жарыялаган. Анда адамдардын саны жана аты-жөнү такталган эмес.

Ага чейин Улуу Британия 40тан ашык орусиялык юридикалык жана жеке жактарды санкция тизмесине кошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан