Бостериде милиция кызматкерлери туристтердин жоголуп кеткен 6 жаштагы баласын таап берди  

Милиция кызматкерлери Ысык-Көлдө туристтердин адашып кеткен 6 жаштагы баласын таап беришти. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-июлда түшкө маал Бостери айылындагы “Алтын-Көл” эс алуу жайында милицияга Орусиядан келген туристтер 6 жашар баласын жоготуп алгандыгын айтып, жардам сурап кайрылган.

Ошол замат милициянын кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери эс алуу жайдын айланасын издешип, жарым саатта баланы аман-эсен таап, ата-энесине өткөрүп берген.

Милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракетине Орусиядан келген туристтер ыраазычылык билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан