Эртең, 25-июлдан тартып 28-июлга чейин өлкө аймагында ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, абанын табы +40 градуска чейин жетет.
Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө абанын күндүзгү температурасы +35…+40 градуска чейин ысыйт. Ал эми Талас аймагында +33…+38 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.