Бишкекте 17 жаштагы Асема дайынсыз жоголду

Бишкекте 17 жаштагы Асема Маткаримова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБи билдирди.

Билдирүүгө ылайык, өспүрүм 10-июлда Ала-Тоо-2 конушундагы үйүнөн Ысык-Көлдө иштөөнү көздөгөнүн айтып, чыгып кеткен боюнча дайынсыз болууда.

Белгилери: бою 155-160 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, чачы кара.

Кийген кийимдери: ак футболка, кара спорттук шым.

Аталган өспүрүм тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, төмөнкү номерлерге байланышып койсо болот: 0312 56 32 48 (нөмөөт бөлүмү) 0990 09 03 47 (тергөөчү) 0707 14 34 71, 0702 56 73 88

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан