Ошто дагы бир автобусттук каттам иштей баштайт

Ош шаарында 26-июлдан тарта №25 автобус каттамга чыгат. Бул туурасында мэриянынын маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, аталган каттам №125 кичи автобус каттамынын ордуна чыгат жана кыймыл чиймеси өзгөрбөйт.

“Жаңы каттамга чыккан коомдук транспорттор Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Ош шаарына жакында алынып келинген ISUZU SAZ LE 60 үлгүсүндөгү автобустар”, - деп белгиленген маалыматта.

Белгилей кетсек, Ош шаарына 100 жаңы автобус Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан лизинг аркылуу алынып, 21-мартта Акылбек Жапаровдун катышуусунда тапшырылган. Автобуста жалпы 25 отургуч болуп, сыйымдуулугу 55-60 жүргүнчүгө ылайыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан