Орусия Япониянын санкцияларына жооп берди

Москва Токионун санкцияларына жооп катары Япониянын 13 жаранына өлкөгө белгисиз мөөнөткө чейин кирүүгө тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, алардын ичинде Toyota Motor компаниясынын төрагасы Акио Тойода, Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин президенти (JICA) Акихико Танака, RAKUTEN корпорациясынын негиздөөчүсү Хироси Микитани жана башка бир катар ири ишкерлер бар.

Япония Орусияга каршы санкцияларды 2014-жылы Крымды аннексиялап алгандан кийин киргизе баштаган. 2022-жылы Орусиянын Украинага чабуулу башталганда чектөөлөр күчөтүлгөн. Былтыр жана быйылкы жылы дагы Орусиянын бир катар жарандары, ишкана, заводдору Япония тарабынан санкцияга алынган.

Буга чейин Орусиянын Тышкы иштер министрлиги британ аскер-өнөр жай ишканаларынын жетекчилерине жана маалымат каражаттарында антиорусиялык позицияда сүйлөгөн эксперттерге каршы жеке санкцияларды жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан