Эл аралык Олимпиада комитети 2030-жылы Кышкы Олимпиада каякта өтөрүн жарыялады

2030-жылы XXVI Кышкы Олимпиада оюндары Франциянын Альпы тоолорунда өтөрүн чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, мындай чечим Эл аралык Олимпиада комитетинин сессиясында кабыл алынган.

Буга чейин өлкө кышкы оюндарды 3 жолу, тагыраагы, 1924-68-92-жылдары өткөргөн.

Учурда Францияда Жайкы Олимпиада оюндары башталган чагы. Мелдештин расмий ачылыш аземи 26-июлда болот.

Белгилей кетсек, алдыдагы 2026-жылкы Кышкы Олимпиада оюндары Италияда өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан