Кытайдагы катуу шамалда арал жээгинде бир кеме чөгүп кетти

"Кэми" деп аталган тайфун Кытайдын түштүк-чыгышындагы Фуцзянь провинциясына жеткени кабарланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, ага чейин Тайванда ушул эле тайфун үч адамдын өмүрүн алып, жүздөн ашуун адам ар кандай деңгээлдеги жарааттарды алган.

"Көчөлөрдү суу каптап, электр жарыгы үзгүлтүккө учурады. Гаосюн шаарында айрым райондорду каптаган суунун бийиктиги бир метрден ашты", - деп айтылат маалыматта.

Тайфундан улам арал жээгинде бир кеме чөгүп кетти. Кеп Танзаниянын желеги менен бараткан кеме тууралуу болуп жатканын Океан маселелери боюнча кеңеш билдирди. Борттогу Мьянманын тогуз жаранын издөө иштери жүрүп жатат.

15-июлда Кытайдын түштүк-батышындагы Чунцин аймагында катуу жаандан кийин кыян жүрүп, беш кишинин өмүрү кыйылган. Жергиликтүү медиа кабарлагандай, 300дөй үй суу алдында калды, 500дөй киши коопсуз жактарга көчүрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан