Сокулукта өспүрүмдү кордогонго шектелип кармалган, өзүн “Принц” деп атаган улан УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку соттун басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүү катары кармалган Ч.И.нин бөгөт чарасы 27-июлда каралып, ал тергөөчүнүн өтүнүчү менен 26-сентябрга чейин тергөө абагына киргизилди.
Эске салсак, 26-июлда социалдык тармактарда өзүн “Принц” деп атаган улан өспүрүмдү кордоп жаткан видео тараган.
Милиция көп өтпөй 16 жашар өспүрүмдү кордогонго шектүү катары 19 жаштагы Ч.И. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин билдирген.
Андан соң шектелип кармалган жаранга козголгон кылмыш иши оор беренеге өзгөртүлгөнү маалымдалган.