Сёрфинг боюнча Париж Олимпиадасына катышып жаткан австралиялык Жек Робинсон Олимпиада учурунда бир өлүмдөн калганын айтты.
Дүйнөлүк сёрфингдин лидерлеринин бири Олимпиада оюндарынын чейрек финалына чыгуу үчүн күрөшүп жатып сууга түшүп кеткен. Робинсондун айтымында, андан башка эч бир спортчу мынчалык коркунучта калган эмес.
"Мен суунун түбүнө түшүп, эки толкундун астында калдым. Мага аба жетпей калды. Убакыт жок болчу. Ошол учурда мен ушундай каза болгон адамдарды эстедим.
Буга чейин кооптуу кырсыктарга кабылгам, бирок мелдештерде баары башкача. Бул учурда адреналин көп, ошол эле учурда коркунуч дагы жогору.
Бардык башка спорттун түрлөрү атайын залда же стадиондо ойнолот. Биз океандабыз. Бул планетадагы жашоонун эң чоң жана эң күчтүү булагы. Толкундар ушунчалык күчтүү. Муну башка спорт менен салыштырууга болбойт. Бул абдан коркунучтуу", - деген Робинсон Daily Mail басылмасына.
Спортчу жээкке квадроцикл менен чыккан. Ошол эле учурда тобокелчиликтин аркасында австралиялык спортчу дүйнөлүк рейтингде биринчи орунда турган Жон Флоренсти артка калтырып, чейрек финалга чыкты.
Белгилей кетсек, Олимпиададагы сёрфинг боюнча мелдештер Парижден алыс жайгашкан Таити аралында өтүүдө. Анда спортчулар атайын жабдылган яхтада жашап жатышат.