Эл аралык олимпиадада коло медаль уткан окуучулар Кыргызстанга кайтып келди

Химия жана физика боюнча эл аралык олимпиадаларда коло медаль уткан кыргызстандык окуучулар өлкөгө кайтып келишти. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев физика боюнча 54-эл аралык олимпиадада жана химия боюнча 56-эл аралык олимпиадада коло медаль жеңген окуучуларды “Манас” эл аралык аба майданынан тосуп алды.

Физика боюнча эл аралык олимпиадада Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу Бектур Баратали коло медаль тагынса, Айдаркан Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 10-классынын окуучусу Аскар Абдиев Ардак грамота алган.

Ал эми химия боюнча эл аралык олимпиадада UWIS эл аралык мектебинин 12-классынын окуучусу Иван Решетников коло медалга ээ болсо, Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин 11-классынын окуучусу Эржан Жапаров Ардак грамотага татыктуу болду.

Белгилей кетсек, физика боюнча эл аралык олимпиада 21-28-июлда Иранда, химия боюнча эл аралык олимпиада 22-29-июлда Сауд Арабиясында өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан