Париж шаарында өтүп жаткан XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарында АКШ медалдардын саны боюнча алдыңкы үчтүккө кирди.
Бүгүн, 2-август Бишкек убактысы боюнча саат 11:30га карата Кытай 11 алтын, 7 күмүш жана 6 коло медалы менен биринчи орунда. Экинчи орунга АКШ 9 алтын, 15 күмүш, 13 коло медалы менен жайгашса, Франция 8 алтын, 11 күмүш жана 8 колосу менен үчүнчү орунга жайгашты.
АКШ кечээ, 1-августта 6 алтыны менен 5-орунда келе жаткан.
Париж Олимпиадасы 26-июлда башталган жана 11-августка чейин уланат.
Олимпиадага Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышууда.