Тажикстандык боксчу Давлат Болтаев Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарынын коло байгесин жеңип алды.
25 жаштагы боксчу жарым финалда өзбекстандык мушкер Лазизбек Мулложоновго 1:4 эсебинде утулуп калып, коло медалга ээ болду. Ал биринчи беттешинде грузиялык 28 жаштагы Георгий Кушиташвилини 3:2 эсебинде жеңсе, чейрек финалда ирландиялык 21 жаштагы Жек Марлини 4:1 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан болчу.
Спортчу бул жеңиши менен өлкөсүнө XXXIII Жайкы Олимпида оюндарынан үчүнчү байгени алып келди.
Буга чейин тажикстандык дзюдочулар Сомон Махмадбеков менен Темур Рахимов коло маедаль утушкан.