Париж-2024: Алтын медалдын тагдырын доли секунд чечип койду

Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында 100 метр аралыкка чуркоо боюнча эркектер арасында эки спортчу марага дээрлик бирдей келип, жыйынтыгында фотофиниш талап кылынды.

Тагыраагы, америкалык жөө күлүк Ноа Лайлс ямайкалык спортчу Кишан Томпсон менен дээрлик бир убакта марага келди. Мындан улам калыстарга Олимпиада чемпионун аныктоо үчүн көрсөтүлгөн убакыттын миңден бир бөлүгүн эсептөөгө туура келди.

Натыйжада Лайлестин расмий убактысы 9,784 секунд, Томпсондун убактысы 9,789 секунд болду. Ошентип алтын медаль АКШдан келген спортчуга ыйгарылса, Ямайкадан келген спортчу күмүш медалдын ээси болду.

Бул жарышта дагы бир америкалык Фред Керли (9,81 секунд) коло байгеге ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан