Париж шаарында өтүп жаткан жайкы Олимпиада оюндарында молдовалык балбан Виктор Чобану алгачкы жүрүшүндө эле жеңилип калды.
Ал алгачкы жүрүшүндө түндүк кореялык Ли Сеун аттуу балбан менен кез келип, 10:3 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңилип калды.
Виктор Чобану 60 килограмм салмакта Олимпиадада фаворит балбандардын бири болуп, Жоламанга негизги атаандаш катары эсептелип жаткан.