Париж Олимп оюндарында грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде казакстандык балбан Демеу Жадраев күмүш медалдын ээси болду.
Ал мелдештин чейрек финалында кыргыз балбаны Акжол Махмудовду жеңген. Жадраев менен Махмудов ушуну менен экинчи жолу беттешти. Буга чейин алар 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунун финалында күрөшүп, Махмудов 8:6 эсебинде уткан.
Париж Олимпиадасындагы мелдештин финалында Жадраев япониялык Нао Кусакага каршы чыгып, 2:5 эсебинде жеңилип калды.
SUPER.KG порталы казак балбаны Демеу Жадраев тууралуу баяндайт.
34 жаштагы Жадраев Казакстан курамасындагы эң тажрыйбалуу спортчулардын бири. Ал 1989-жылы 2-ноябрда Казакстандын Жети-Суу облусунун Алакөл районунда төрөлгөн. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын эң кичүүсү.
Спортчу 7 жашынан баштап күрөш менен алектене баштаган. Ал 6-класстан кийин айылдагы мектептен Талдыкорган шаарындагы спортко шыктуу балдар үчүн адистештирилген мектеп-интернатына өткөн. Анын алгачкы машыктыруучусу Жумахан Турганбеков.
Социалдык тармактарда Турганбековдун Париж Олимпиадасындагы Демеунун беттештеги сенсациясына жасаган реакциясы тараган. Анда машыктыруучунун көзүнө жаш алып сүйүнгөнүн көрүүгө болот. Интернет колдонуучулары "тренердин бактысы - шакирттеринин жеңишин көрүү" деп жагымдуу пикирлерин калтырган.
Спортчу күмүш байгеге ээ болгондон кийин мелдештин финалында чоң жоопкерчиликти сезип, алтын уткусу келгенин билдирген.
"Даярдыгым жогорку деңгээлде болчу, финалда утулуп калганым өкүнүчтүү. Абдан чоң жоопкерчиликти сездим, финалга чейин мындай болгон эмес. Демек, бул жоопкерчилик сезими жыйынтыкка таасир этти десек болот. Колдооңуздар үчүн рахмат", - деген спортчу.
Ал буга чейинки берген маектеринин биринде кыргыз балбаны Акжол Махмудов ага атаандаш болгону менен аны катуу сыйлай турганын айткан.
"Акжол аябай күчтүү, мыкты балбан. Экөөбүз килемде каршылаш болгонубуз менен, килем сыртында дос, бир тууганбыз. Мен аны катуу сыйлайм", - деген Жадраев.
Ал 2015-жылы Азия чемпиондугунда 66 килограммга чейинки салмак ченинде коло байгеге татыган. Ал эми 2016-жылы Дүйнө чемпиондугунда да коло байгени алган.
2017-жылы Парижде өткөн Дүйнө чемпиондугунда 71 килограммга чейинки салмак категориясында күмүш байгенин ээси болгон.
2018-жылы Бишкектеги Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынган. 2019-жылы Кытайда, ал эми 2021-жылы Казакстанда өткөн Азия чемпиондугунда коло байгеге татыган.
2021-жылы Жадраев Токиодо өткөн Олимпиада оюндарына катышып, 9-орунду ээлеген.
Олимпиада оюндарынын тарыхында спортчу грек-рим күрөшү боюнча күмүш алган экинчи казакстандык болуп калды.
Анын учурдагы машыктыруучусу – 1996-жылдагы Олимпиаданын вице-чемпиону Юрий Мельниченко.