Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) кыргыз балбаны Айаал Лазаревдин Париж Олимпиадасынан кийин эле карьерасын бүтүрүшүнө реакция жасады.
Анда дүйнөлүк уюм карьерасын бүтүргөн эки балбанга күрөштөгү жолу үчүн ыраазычылыгын билдирди.
"Таха Акгүл жана Айаал Лазарев, кызматыңар үчүн рахмат!", - деп жазды UWW.
Бүгүн, 11-августта Париж Олимпиадасынын коло байгеси үчүн беттеште түркиялык Таха Агүл менен кыргызстандык Айаал Лазарев кез келип, Таха Акгүл жеңишке жетти. Беттештен кийин эле эки балбан күтүүсүздөн карьерасын жыйынтыкташты.