Бүгүн, 11-августта өлкө башчысы Садыр Жапаров телефон аркылуу сүйлөшүүдө улуттук курама команданын мүчөсү Айсулуу Тыныбекованы Париж шаарында өтүп жаткан Олимп оюндарында кыз-келиндер күрөшүнөн коло медаль утушу менен куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдирди.
Анда президент спортчуга жетишкен ийгиликтери үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, анын кыргыз спортун жана өзгөчө кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанисин белгиледи.
“Сиз азыр кандай сезимдерде жашап жатканыңызды түшүнүп турам. Ошентсе да, сизди коло медаль алышыңыз менен куттуктайм!
Сизди, биз - жалпы кыргыз эли, кандай болгон күндө дагы, куттуктоого милдеттүүбүз. Биз сиз менен сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Себеби сиз эгемендик жылдарында эркин күрөштү, айрыкча, кыздар арасындагы күрөштү жандандыруунун, улантуунун, өнүктүрүүнүн сап башында турдуңуз, канчалаган кыргыз кыздарынын кумири болдуңуз. Эл аралык деңгээлде далай-далай ийгиликтерди жаратып, тирүү легендага айландыңыз”, - деп белгиледи Садыр Жапаров.
Президент Айсулуу Тыныбекова сыяктуу спортчулар аркылуу кыргыз спортунун жана жалпы өлкөнүн аброю артып, жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн баса белгиледи. Ошондой эле ал Айсулуунун жетишкендиктери келечек муундар үчүн жакшы стимул болот деген ишенимин билдирди.
Сүйлөшүүнүн соңунда Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекованы татыктуу жеңиши менен куттуктап, спортчуну жакын арада мекенине аман-эсен кайтып келишин кыргыз эли чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.
Өз кезегинде Айсулуу Тыныбекова мамлекет башчысына жана Кыргызстан элине жылуу сөздөрү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул ага жаңы жеңиштерге жана жетишкендиктерге дем-күч берип жатканын белгиледи.