Бүгүн, 11-августта Париждеги XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында жеңил атлетика боюнча марафондо кыргызстандык жөө күлүк Сардана Трофимова өлкө намысын коргоп, 91 мамлекеттин ичинен 14-болуп келди.
Жөө күлүк марафондун алгачкы мүнөттөрүндө өз мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, алдыда келе жаткан.
Чуркоо марафонунда 42,2 чакырымды өлкөнүн спортчусу Сардана Трофимова 2 саат 26 мүнөт 47 секундда багындырды.
Нидерландыдан келген спортчу Олимпиада чемпиону болду. Трофимова андан 3 мүнөт 52 секунд гана артта калган.