Башкы прокуратура тарабынан документтерди жасалмалоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого, ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдө көз боёмочулукка айыпталып жаткан эки жаран ийгиликтүү экстрадицияланды. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Экстрадициялангандардын бири 1987-жылы туулган О.Ш. аттуу Украинанын жараны расмий документтерди жасалмалоого көмөктөшкөн деп айыпталууда. Аны экстрадициялоо Түркиянын Юстиция министрлигинин жана Интерполдун колдоосу менен ишке ашырылды.
Ошондой эле алдамчылык боюнча айыпталган Кыргызстандын жараны Б.С. Монголиядан алынып келинди.
"Соттук териштирүү стадиясында аталган жарандарды издөөдө жана этап менен тарткан процесстик чыгымдарды өндүрүү уюштурулат.
Башкы прокуратура кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында эл аралык келишимдердин алкагында эл аралык издөөдө жүргөн адамдарды экстрадициялоо боюнча активдүү иштерди улантууда", - деп жазылат билдирүүдө.