Жоламан Шаршенбеков быйыл үйлөнөрүн айтты

Париж шаарында өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында коло байге уткан белгилүү кыргыз балбаны Жоламан Шаршенбеков быйыл үйлөнөт. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Кыргыз балбаны Олимпиададан алтын утса салмагын көтөрүүнү пландаганын, бирок азыр бардыгын машыктыруучулар менен чогуу анализдеп жатканын айтты.

"Париж Олимпиадасынан алтын утсам 67 килограмм салмакка көтөрүлөйүн дегем. Бирок андай болбой калды, коло байге утуп калдым. Учурда баарын анализдеп жатам. Кийинки Олимпиадага канча салмак ченинде катыша турганымды машыктыруучуларым менен сүйлөшкөндөн кийин так жообун берем", - деди Жоламан.

Ошондой эле Жоламан Шаршенбеков журналисттин “быйыл үйлөнөсүзбү?” деген суроосуна “ооба, быйыл, буюрса, үйлөнөм” деп жооп берди.

Жоламан Шаршенбеков быйыл үйлөнөрүн айтты
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан