Кечээ, 13-августта Бишкекте Париж Олимпиадасынан келген спортчуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Анда Олимп оюндарына катышкан 16 спортчунун ар бирине акчалай сыйлык жана унаа берилди.
Иш-чара бүткөн соң мушкер Мунарбек Сейитбек уулу жаңы белекке алган унаасын бекитпей, маалымат жыйынга кетип калган.
Социалдык тармактарда спортчунун унаасы эски аянтта ичинде 10 миллион сомдук сертификаты менен ачык калган видеосу тарады.
Айрымдары мушкердин жөнөкөйлүгүн, пейилинин токтугун белгилешсе, кээ бирлери видеонун автору унаага уруксатсыз отуруп алганына ачууланган.