Байланыш борборуна келип жаткан массалык нааразылыктарды эске алып, О! мобилдик оператору катталбаган түзүлүштөрдүн мобилдик түйүндөргө кирүүсүнүн бөгөттөлүшү УКМК – Мамлекеттик идентификациялоо системасынын (МИС) маалымат базасы карамагына кирген улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ишке ашырылып жатканын маалымдайт.
Байланыш кызматтарын мобилдик оператор бөгөттөгөн жок. SIM-карталарыңыз иштеген абалда калат жана катталган бардык түзүлүштөрдөн колдонула берет. Бул үчүн SIM-картаңызды IMEI-коддору МИСте катталган башка мобилдик телефонго салыңыз.
Эгерде сиздин телефонуңуз бөгөттөлүп калса:
1) телефонду өчүрүп кайра күйгүзүп көрүңүз, эгерде сиз 2024-жылдын 25-июнуна чейин (МИС системасы ишке киргенге чейин) телефондун жок дегенде бир слотун колдонгон болсоңуз, анда ал слот дагы автоматтык түрдө катталышы керек болчу.
2) телефонуңуз катталбаса жана бөгөттөлүп калса, SIM-картаңызды башка катталган телефонго салып, www.imei.kg сайтынан бөгөттөлгөн түзүлүштү акы төлөнүүчү негизде каттоодон өткөрсөңүз болот (катталбаган телефон аппаратыңыздын бардык слотторунун IMEI-коддорун көрсөтүшүңүз керек).
3) эгерде каттоо процессинде кыйынчылыктар жаралып жатса, O!Store дүкөндөрүнүн бирине кайрылыңыз. Компаниянын кызматкерлери форманы толтурууга жана МИС сайтынан каттоону ишке ашырууга жардам беришет.
Телефонуңуздун МИСте катталганынын учурдагы статусун *5656# буйрутмасын терүү аркылуу «Мой О!» тиркемесинен же www.imei.kg сайтынан текшере аласыз.