Ош облусунун Өзгөн районунда айылдашынын жыныс мүчөсүнө залал келтирген делип айыпталып жаткан жаран камактан бошотулду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 18-августта Ош облустук сотунан тастыктады.
Маалыматка ылайык, Өзгөн райондук сотунун 31-майдагы чечиминин негизинде айыпталуучу К.Ш. Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмү (Зыян келтирүү убагында өмүргө коркунучтуу болгон денеге залал келтирүү түрүндөгү ден соолукка оор залал келтирүү же көрүү, сүйлөө, угуу же кайсы бир органын жоготууга, же болбосо органдын аткаруучу функцияларын жоготууга алып келген ден соолукка залал келтирүү, эмгекке жөндөмдүүлүгүн кеминде үчтөн бирин туруктуу жоготууга, же болбосо билип туруп кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн толук жоготуу менен байланышкан психикалык ооруга же ден соолугунун башка бузулуусуна алып келүү же болбосо адамдын бетине кетпес так салуу) менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ал жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абактарында өтөөсү керектиги белгиленген.
Бирок соттук отурумда жабырлануучу айыпталуучуга карата жеңил жаза берүүнү сурангандыктан ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин (Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу) негизинде өкүм чыккан.
"К.Ш. 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөлгө алынуу менен эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөдөн бошотулду. Өкүм бүгүнкү күндө күчүндө. Даттануулар түшкөн жок", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, былтыр социалдык тармактарда Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну айылдашы тарабынан бычылды деген маалымат тараган. Бул боюнча Ош облустук милициясы маалымат берип, окуя 13-ноябрда болгонун, анда жабырлануучу өз үйүнүн короосунда Э.Т. аттуу жаран менен уруша кеткенин, натыйжада шектүү анын денесине бычак менен жаракат келтирип, электр мамысына жип менен байлап салганын маалымдаган.