Кечээ, 22-августта Таластагы “Манас Ордо” улуттук комплексинде Париж Олимпиадасында байгеге ээ болгон спортчуларга жана катышуучуларга, алардын машыктыруучуларына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, сыйлоо аземи президенттин Таластагы өкүлчүлүгү тарабынан демилгеленген.
100 миң сомдон баштап 3 миллион сомго чейинки акчалай сыйлыктын сертификаттары 8 спортчуга, алардын алгачкы жана жеке машыктыруучуларына, курама командалардын машыктыруучуларына тапшырылды.
Акчалай сыйлык алган спортчулар:
- Мээрим Жуманазарова (күмүш медаль) - 3 миллион сом;
- Жоламан Шаршенбеков (коло байге) - 1 миллион 500 миң сом;
- Үзүр Жусупбеков (коло медаль) - 1 миллион 500 миң сом;
- Айсулуу Тыныбекова (коло байге) - 500 миң сом;
- Акжол Махмудов (коло медаль) - 500 миң сом;
- Мунарбек Сейитбек уулу (күмүш байге) - 1 миллион сом;
- Айпери Медет кызы (бешинчи орун) - 300 миң сом;
- Бекзат Алмаз уулу (бешинчи орун) - 300 миң сом.
Ошондой эле машыктыруучулар үчүн сыйлык каралып, башкы машыктыруучуларга 150 миң сом, ал эми улук жана жеке машыктыруучуларга 100 миң сомдон ыйгарылды.
Мындан тышкары айым спортчуларга зер буюмдар белекке берилип, спортчу мырзалардын ар бирине аргымак тартууланды.
Сыйлоо аземи театрлаштырылган оюн-зоок жана концерттик программа менен коштолду.