Беларустун "Неман" клубунда ойноп жаткан кыргызстандык футболчу
Гүлжигит Алыкулов "Днепр" командасынын дарбазасына гол киргизди.
Ал гол киргизген соң көз айнек тагынып, түркиялык ок атуучу Юсуф Дикечти туураган.
Белгилей кетсек, түрк спортчусу Юсуф Дикеч Париждеги Олимп оюндарында колун чөнтөгүнө салып, жайбаракат абалда ок аткан. Анын мелдештеги видеосу интернет колдонуучуларынын арасында популярдуу
болгон.