Орусиялык ырчы Алсу жолдошу Ян Абрамов менен расмий түрдө ажырашты. Бул туурасында BAZA телеграм каналында жарыяланды.
Андагы маалыматка ылайык, ажырашуу боюнча соттук отурум бүгүн, 27-августта Пресненский райондук сотунда өттү.
Алсу Сафина менен Ян Абрамов 2006-жылы баш кошушкан. Алардын Сафина, Микелла аттуу кыздары жана Рафаэль аттуу уулу бар.
Белгилей кетсек, Алсу Сафина "Зимний сон" жана "Иногда" ырлары менен белгилүү болгон.