"Шомуродов, Файзуллаев..." Өзбекстан Кыргызстан менен оюнга карата курамын жарыялады (тизме)

Коңшу Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын машыктыруучусу Сречко Катанец 2026-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугуна тандоонун 3-турунун алкагында Түндүк Корея менен Кыргызстандын курамаларына каршы ойной турган оюнчулардын курамын жарыялады.

Өзбекстан курамасынын курамы төмөндөгүчө: Дарбазачылар: Өткүр Юсупов («Фулад», Иран), Абдувохид Неъматов («Насаф»), Ботирали Эргашев («Нефтчи»);

Коргоочулар: Умар Эшмуродов («Селангор», Малайзия), Рустам Ашурматов («Рубин», Орусия), Хусниддин Аликулов («Ризеспор», Түркия), Абдукодир Хусанов («Ланс», Франция), Фаррух Сайфиев («Навбахор»), Хожиакбар Алижонов («Пахтакор»), Шерзод Насруллаев («Насаф»), Мухаммадкодир Хамралиев («Пахтакор»);

Жарым коргоочулар: Отабек Шукуров («Кайсериспор», Түркия), Абдулла Абдуллаев («Пахтакор»), Одилжон Хамробеков («Навбахор»), Азиз Тургунбоев («Сивасспор», Түркия), Акмаль Мозговой («Насаф»), Жамшид Искандеров («Навбахор»);

Чабуулчулар: Эльдор Шомуродов («Рома», Италия), Жалолиддин Машарипов («Истикляль», Иран), Азизбек Амонов («Нефтчи»), Бобир Абдихоликов («Насаф»), Аббосбек Файзуллаев (ЦСКА, Орусия), Жасур Яхшибоев («Ордабасы», Казакстан), Хожимат Эркинов («Аль Вахда», БАЭ), Остон Урунов («Персеполис», Иран).

Эскерте кетсек, Дүйнө чемпиондугуна тандоонун үчүнчү турунда 18 команда алты командадан үч тайпага бөлүнгөн. Тайпадагы эң мыкты эки команда 2026-жылдагы дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына түз жолдомо алат. Үчүнчү жана төртүнчү орундарды ээлеген командалар төртүнчү турда ойношот, анда алар дагы эки түз жолдомого, ошондой эле континенттер аралык плей-оффко катышуу үчүн ат салышат.

Үчүнчү квалификациялык тур эки айлампа менен (10 оюн) өтөт. Ал ушул жылдын 5-сентябрында башталып, 2025-жылдын 10-июнунда аяктайт. Кыргызстан "А" тайпасында Иран, Катар, БАЭ, Өзбекстан жана Түндүк Корея менен ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан