Европа өлкөлөрү Израилге каршы санкцияларды киргизүүдөн баш тартышабы?

Венгрия, Италия жана Германиянын тышкы иштер министрлери Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел сунуштаган Израилге каршы санкцияларды киргизүүнү колдобой турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Израилдин Евробиримдиктеги башкы өнөктөшү болгон Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто журналисттерге Будапешт Боррелдин сунушун “коркунучтуу” деп эсептээрин билдирди.

Анын италиялык кесиптеши Антонио Таяни санкциялар Израилди сүйлөшүү үстөлүндө кармап туруу үчүн “туура эмес жол” деп эсептейт.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок да Евробиримдиктин санкциялары экстремисттик отурукташкандарга каршы киргизилгенин эске салып, Боррелдин сунушун колдогон жок.

Ирландия менен Бельгия Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвир менен финансы министри Бецалель Смотричке каршы санкцияларды толук колдой турганын жарыялашты.

Буга чейин Евробиримдиктин башкы дипломаты Жозеп Боррел Израилдин Батыш жээктеги акыркы аракеттерин катуу айыптап, Израилдин кээ бир министрлерине каршы мүмкүн болуучу санкцияларды кароо процедурасы башталганын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан