Ирандын мурдагы президенти Ибрахим Раиси отурган тик учак коюу тумандан улам асканы сүзүп кыйраганы белгилүү болду. Бул тууралуу Ирандын Башкы штабы билдиргенин Ирандын Mehr агенттиги жазды.
Ирандын Башкы штабы тик учактын жолдон чыгып кеткен версиясын жана сырттан кол салууну жокко чыгарган.
Эксперттер тик учакты сатып алгандан баштап кырсыкка чейин аткарылган миссияларга, техникалык тейлөөгө жана оңдоого байланыштуу документтерди карап чыгышкан. Ошондой эле электрондук жабдууларды сынашкан.
Муну менен катар тышкы чабуулду жокко чыгарышкан. Алар учуу учурунда авариялык кырдаал тууралуу сигналдардын жоктугун аныкташкан. Мындан улам эксперттер учакта техникалык мүчүлүштүктөр жок деген тыянакка келишкен.
"Тик учактын кыйрашынын негизги себеби жаз мезгилиндеги аймактын климаттык жана атмосфералык шарттарынын татаалдыгы болгон. Капысынан түшкөн коюу туман көрүү мүмкүнчүлүгүн азайтып, тик учак тоо менен кагылышкан", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 19-майда түштөн кийин Иран президенти Ибрахим Раисинин тик учагы кулап түшкөнү кабарланган. Аны издөөгө Түркиядан 70тен ашык куткаруучу топ жана техникалар жөнөтүлгөн. 20-майда эртең менен түркиялык пилотсуз учак Bayraktar Akinci Азербайжан менен чек арадан 30 чакырым алыстыкта Ирандын Тавил айылына жакын жерден тик учактын күйгөн сыныктарын тапкан.
Раиси менен бирге учакта Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир-Абдоллахиан, Тебриз жума намазынын имамы Мохаммад Али Аль-э-Хашем, Чыгыш Азербайжан провинциясынын башчысы Малек Рахмати, тик учактын экипажы жана бир коопсуздук кызматкери болгон. Делегация Азербайжандан кайтып келе жаткан. Бардык жүргүнчүлөр каза болгон.