Президент Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларды жана кеңешчилерди бошотуу чечимин кабыл алды. Бул жөнүндө бүгүн, 5-сентябрда өлкө башчынын администрациясы маалымдады.
"Мындай чечим президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынды", - деп билдиришти администрациядан.