Бүгүн, 9-сентябрда Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Токмок шаарына жакын жердеги айланма жолдо 54 жаштагы аялды унаа сүзүп каза болгонун маалымдады.
Кырсык 7-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 69-чакырымында болгон. Анда 29 жаштагы жаран Honda Civic үлгүсүндөгү автокөлүгү менен жолдон өтүп бара жаткан аялды сүзүп алган. Жабырлануучу окуя болгон жерде көз жумган.
Башкармалыктан териштирүү иштери жүрүп жатканын кошумчалады.